Талас шаары

Таласта 1-ноябрдан тарта жылуулук берүү мезгили башталат

23 Ноябрь 2022 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны: 83

1-ноябрдан тарта Талас шаарында жылуулук берүү мезгили башталат. Бул тууралуу «Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын жетекчиси Ильясбек Алибеков маалымдады.

Анын айтымы боюнча жылуулук берүү тууралуу буйрукка 31-октябрда мэрия тарабынан кол коюлуп, турак жайлар, бала бакчаларга жылуулук бериле баштады.

Мектептерде каникул болуп жаткандыктан, жылуулук 9- ноябрда, окуу процесси баталгандан кийин берилет.

https://youtube.com/shorts/7JLW9Q7dnTw