Талас шаары

Таласта өрттөн кийин күрөш мектеби жаңыланып ачылды

28 Ноябрь 2022 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны: 91

https://www.youtube.com/watch?v=PpkkXR7FfOI
2022-жылдын 28-ноябрында Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби жаңыланып ачылды.2022-жылдын 25-июнунда өрт кырсыгына кабылып, окутуу үчүн жараксыз абалга келгендиктен азыркы К. Нуржанов №16 дарегиндеги Талас шаардык жаш өспүрүмдөр спорттук мектебине (Стеклянный) көчүрүлгөн.Жаңы ачылган спорттук мектепте күрөш залынан тышкары кийим которуучу 3 бөлмө, эркектер жана кыздар үчүн душ бөлмөсү каралган.Капиталдык оңдоп- түзөө иштеринин алкагында электр-монтаж, жылытуу системасын калыбына келтирүү, борбордук саркынды суу системасына кошуу жумуштары аткарылды.Оңдоп-түзөө иштери аталган спорттук мектебинин тренердик эмгек жамааты тарабынан жүргүзүлдү.Бүгүнкү күндө спорттук мектеп өз машыгууларын ийгиликтүү баштады. Бул тууралуу Талас шаардык мэриянын пресс-катчысы Перизат Мамырова маалымдады.