<a href="http://«>
Өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө Талас облусунда жургузулуп жатат. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинасы тууралуу иммунлог дарыгер Сагындыкова Чолпон айтып берет.
Белгилей кетсек, Жатын моюнчасынын рагы аялдарда эң көп кездешкен үчүнчү рак болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп эсептелет. Адамдын папилломавирусуна каршы вакциналар жатын моюнчасынын рагына каршы күрөшүү үчүн 15 жыл мурун иштелип чыккан жана азыркы күндө дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Борбордук Азия (Казакстан, Өзбекстан), Кавказ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кеңири колдонулат.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын онкологиялык оорулардын негизги себеби болуп саналат жана жыл сайын 300 дөн ашуун өлүмгө алып келет.