Талас шаары

«Кыздар кеңеши» бүгүнкү заман талабына жооп береби?»

27 Март 2023 жыл 4:34
Көрүүлөрдүн саны: 107

Салам достор, менин атым Айгуль Сакеева. Мен орус мектепти аяктагам. Биздин мектепте окуучулар каалагандай боенуп, чачын жасалгалап жүрчү. Алардын сыркы келбетине карата тескөөлөр болчу эмес. Кыргыз мектепке жумушка киргенде бул нерселердин баарына тыйуу салынганын билдим. Кыздар мектепке дайыма чачын өөрүп, кичинекей сөйкө,узун юбка жана эч кандай макияжсыз мектепке келиши шарт экен. Бул талаптардын аткарылуусун «кыздар кеңеши» көзөмөлдөйт. Бүгүнкү чыгарылышта биз мектептеги кыздар комитетинин негизги максаты, кыздар өздөрү кандай кеңешти каалайт жана психологтун көз карашында эмнелер болушу керек экенин талкуулайбыз. Толук маалыматты видеодон уксаңыз болот.  https://youtu.be/K1X6fuYXRSA