Талас шаары

Ысык-Көлдө суу жылый элек

9 Июль 2023 жыл 6:25
Көрүүлөрдүн саны: 112

 Ысык-Көлдө июль айынын башталышы  менен күн бүркөк болуп,  мезгил—мезгили менен жаан жаап жатат .  Аба  ырайына  карабай эс алуучулар бар, бирок сууга түшкөндөр аз. 

Былтыр бул убакытта аба ырайы 30 градуска чейин жылыса, быйыл 20 градуска жете элек.

Адатта балдардын көлдөн чыкпай сууга түшүп жүргөнүн көрөбүз, бирок азыркы аба ырайына байланыштуу ата-энелер балдарынын ден-соолугуна кооптонуп,сууга түшкөнгө уруксат берген жок.

Бөбөктөр баллондорун таштап, балдар оюн аянтчаларында жүрүүгө мажбур.

Атайын алыстан келген коноктор баары бир сууга түшүп жатышат.Жергиликтүү кызматкерлердин айтымында туристтердин саны эс алуу күндөрү көбөйөт. Жана алар аба ырайына карабай эле келе беришет.

Туристтер Россия, Казахстан жана Кыргызстандын аймактарынан келишкен. Эске сала кетсек, туризм депатаментинин маалыматына ылайык былтыр чет өлкдөн келген эс алуучулардын саны эки жарым миллиондон ашкан.

Суу жээктеги жумушчулар жылуу кийинип, иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын айтымында, күндүн суугунан алардын жумушу жайлап турат.

Синоптиктердин маалыматына ылайык абанын температурасы айдын аягында 26 градуска көтөрүлөт. Ага чейин бүркөк аба ырайы сакталып турат.

Туризм департаменти   бул жылдын башында мамлекетке кирген туристтерин саны 2 миллионого жакындаганын айтып, туристтик сезон ичинде биздин мамлекетке 10 миллион чел өлкөлүк коноктор келерин болжолдоп турат.
Айгуль Сакеева