
Мыйзамга ылайык Кыргызстанда аялдар жана эркектер тең укуктуу кагаз түрүндө, ал эми турмушка келгенде бул дайыма андай эмес. Көп учурда аялдар мүлккө болгон укуктарын тарттырып жиберишет. Мындан тышкары келиндер өз мээнети менен тарпкан байлыктарыны кайын журнута алдырып койгон учурлар дагы бар. Бирок бул жөнүндө көп айтылбайт себеи уят деген сөз бар.
Талас шаарынын 39 жаштагы атын айткандан баш тарткан айым дагы ушундай көйгөйгө кабылган. Анын айтымында ал жолдошу менен 20 жыл жашап, кайын-эне атасы менен үй-бүлөлүк бизнес менен алектенип келип отуруп аягында эч нерсеси жок калганын айтат:
“ Бир нече жолу кайын энем биз кылып жаткан иш силер үчүн, биздин небереле үчүн деп айткан. Анан мен башым менен ишке берилип, эч нерсени аябай, өзүмдү унутуп күнү, түнү иштечүмүн. Жумушубуз жакшы жүрүп бир нече үй, унааладры алдык, бирок анын баары кайын энемдин атына катталчы, биз жашап жаткан үйдагы анын атында”.

Биздин үй-бүлө, бала чакам үчүн эмгектенип жатам, биз бир үй-бүлөбүз, баардыгы биздин жакшы жашоо үчүн деп үмүттөнгөн келин бир заматта эч нерсеге ээ болбой калган:
“Кайын сиңдим турмушка чыккан. Кийинчирээк жолдошу экөө тең жумушсуз калып, биз менен чогу иштешип калышкан. Убакыт өтүп кайын сиңдим бул ишке силердин тиешеңер жок. Силер бекерчисиңер,мунун баары менин апамдыкы деген сөздөрдү айтып баштады”.
Кагаз түрүндө келиндин жана анын жолдошунун наамында эч нерсе жок болгондуктан, ал бул окуядан жыйынтыктан башка эч нерсе ала алган жок:
“Мен аябай өкүнүп калдым. Жөн эле сөзгө ишенгенге болбойт экен, ал сенин жолдошуңдун апасы болсо да, сөзсүз түрдө документ кылып жаздырсак болмок экен. Жашоодо ар кандай кырдаал болуп кетет экен. Мен өзүм үчүн жыйынтык чыгардым. Бул адамдарга ишенбей калдым. Эми өзүмчө иш баштайын деп турам”.
Юрист Нуржан Асанбекова бул окуяда келин чындан эч нерсе кыла албаганын жана Кыргызстанда кайын журтунан мүлкүн ала албаган аялдар көп экенин айтып кетти:
“Кыргызстанда аядардын эркектердей эле мүлккө болгон, жерге болгон укуктары бар, бирок алар көп учурда аны коргой албай калышат, себеби алдын ала кам көрүшпөйт. Кыргыздарда аял киши кайын журту менен мүлк жөнүндө сүйлөбөшү керек деген стереотип бар.”.
Кыргызстандында үй-бүлөлөр чогуу оокат кылып, чогуу мал багып анын баары кайын эне кайын атага жазылган көрүнүш кеңири таркаган,бирок бул учурда аялдар жанан анын балдарынын ал мүлккө эч кандай укугу жок болуп калат.

“Менин практикамда мындай учурлар абдан көп кездешет. Мисалы: күйөөсү менен аялды иштеп там алайын дешет. Тапканынын баарын ата-энесине мал кылып берген бага беришсин деп. Ортодон жолдошу күтүүсүз жерден өтүп кетет. Алдан калган малды ата-энеси келинге бергиси келбей аны кетирип жиберет. Жылдыгынан кийин келин үч балам менен калдым, жок дегенде кичинекей үй алып алайын десе кайын журту баш тартат. Ал жерде бир үйүр жылкылары болот, бирок атасынын наамына 1-2 жылкы, 10 койдой эле катталган документ түрүндө. Келин эч нерсесиз калды”.
Баары эле ушундай деп сөз түрүндө калбай, баары мыйзам түрүндө болушу керек. Аял мүлккө укугу болуш үчүн сөзсүз түрдө өзүнө же жолдошуна катталуусу зарыл дейт юрист:
“Баардык ушул үй-бүлө курулгандан кийин сатып алынган мүлктү өзүнүн наамына каттай албасада жолдошунун наамына катташ керек. Тууганына атасына,апасына каттатуунун кереги жок. Кийин бир нерсе болсо талаша албай калат. Эгер күйөөсүнүн наамына катталган болсо тең бөлүп алса болот ажырашып кетсе, жолдошу өтүп кетсе мурас кылып алганга укугу болот”.
Бирок бул учурдада ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Аялдар мүлккө болгон укугун 100% коргоо үчүн “Нике келишимин” түзүшү керек:
“Ал документте мүлтүн эмнеси, канчасы аялга тиешелүү, канчасы жолдошуна так жазылып турат. Кийин бөлгөндө да көйгөй болбойт. Бизде бул көрүнүш такыр жок, бирок чет мамлекеттерде кеңири жайылган. Менин аялдарга айтарым ушул эле мүлктү өзүңөргө жаздыра албасаңар жолдошунарага жаздыргыла же эң жакшысы “брачный договор” түзүп өз укугуңарды конкреттүү жазып кеткиле”.
Документтерге ар дайым так болуп сөз жүзүндө эле калып калбай кагаз түрүндө бардыгы жазылышы керек