Таластык 36 жаштагы Фарида Суранчиева бала кезден ырчылыкка кызыкчу.

•Өзүңүз жөнүндө кененирээк айтып бересизби?
— Учурда 5 баланын сүйүктүү энесимин. Айылдагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенем.

•Ырчылык өнөргө кантип келдиңиз?
— Мен кичине кезимден бери эле ырдайм.Менин өзүмдүн апам ырдачу анан кийин мен дагы ырдап калдым. Ата-энем кичинемде туугандардын жакшылыктарында дайыма алып жүрүп ырда десе эле ырдай берчүмүн.Мага негизи ырдаган абдан жагат.Мени ата-энем аябай колдоду.Буйруса азыркы убакка чейин ырдайм.

•Жашооңузда эки кесипти бирдей алып келүүдө кыйынчылыктар кездешти беле?
— Негизи эки кесипти аркалоо мага такыр оор болгон жок . Тескерисинче мени колдоп турушту.Жолдошум үй — бүлөм ар дайым мага күч кубат берип колдоп турушту.Колдоо болсо адамдын андан ары өнүгүшүнө дагы чоң салымын кошоору анык.
Учурда келин деген үйдө эле олтуруш керек,баланы гана караш керек деген нерселерди көп угам . Бирок мен бул нерсеге такыр кошулбайм.Анкени мен «Эл эмне дейт деп жашабайм» эл деген дей берет.Мен бирөө үчүн эмес өзүм үчүн жашаган аялмын.
Таланты бар бирок аны сыртка чыгара албаган канча деген аялзаты бар.Бирок менин аларга кеңешим,эч качан тартынбагыла,болгон кудай берген талантты жашырбай аны көрсөтүүлөр.Аракет кылгыла» деп өз сөзүнүн акырында кеңештерин берип кетти.