Талас шаары

«Кыялымдагы кесипке ээ болдум».

9 Сентябрь 2023 жыл 13:56
Көрүүлөрдүн саны: 116

Таластык 25 жаштагы Белек Осмонкулов учурда Тиш доктур болуп эмгектенүүдө.

Өзүнүз жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз ?

— Мен, Осмонкулов Белек 1998-жылы 14-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрөлгөм.
Окууну Азиялык медицина институтун 2017-2022 жылдар аралыгында окуп аяктадым. Мектеп учурунда эле өзүм Биология Химия сабактарын кызыгып окучумун. Келечекте медицина тармагынын бир бөлүгүн тандайм го деген ойлор бар болчу. Бул жыйынтыкка 10-класста келип “Стоматолог” болом деп чечтим. Ошол учурдан баштап аракет кыла баштадым. Апам, бир туугандарым мени колдоп, түрткү берип менин тиш доктур болуп калышыма себепкер болушту .
Кесибиңиз өзүңүзгө жагабы?

— Кесибим өзүмө жагат. Ар бир кишиге жардам берип, ыраазычылыгын билдирген сайын ырахат алам. Ооба кесип тандоо өтө кыйын негизи. Жөн эле мен бул болом деп эле окуй берген болбойт. Адам эң биринчи өзү кызыккан нерсесин таап, терең ойлонуп, келечекте иштеп кете аларына көзү жете алганда гана окушу керек деп эсептейм. Жөн гана диплом үчүн окуу бул өмүрдүн жана ата- эненин мээнетинин текке кетиши. Жаштарга да ушул кеңешти айтмакмын. Ата энебиздин үмүтүн жана мээнетин актайлы. Алар биздин жакшы адам, ишкер болушубуз үчүн бар эмгегин арнады. Ал нерсе туура эмес тандоо менен калып кетпеши керек.

Иш учурундагы кызыктуу окуяларыңыз?

— Иш учурунда кызыктуу окуялардан бир бейтапка брекет коюп берип, брекеттин резинкасынын түстөрү болот. Ошолорду тандатсам кара түсүн тандап тактырып кеткен. Бир сааттан кийин кайра келип, башка түстөгү резинка тагып берчи досторумдун баары “насвай” салып алгансынбы?- дешип шылдындап атышат дегенде аябай көпкө чейин күлүп жүргөм.

Келечекте пландарыңыз кандай?

— Келечекте пландарым ошол азыркы учурда бойдокмун. Өзүмө татыктуу жакшы адамды жолуктуруп, бактылуу үй-бүлө куруу жана оз кесибимдин мыкты адиси болуу. Илимге-билимге аябай кызыгам. Өзүмдү бардык тараптан өстүргүм келет.