Талас шаары

Максатыбыз: Жашы жете элек өспүрүм кыздардын укугун коргоо.

9 Сентябрь 2023 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 104

Таластык Нуриза Качкеева Талас облусундагы “Улуттук Кыздар федерациясын” жетектеп иш алып барат .

Мен Качкеева Нуриза Муктаалиевна мектепте мугалим болуп иш алып барам. 5 баланын апасы жана сүйүктүү жармын. Учурда мугалимдик кесип менен эмгектенем. Кыздар федерациясын алып жүргөнүмө быйыл 2 жылдын жүзү болду, бул аралыкта көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Мисалы : Таласта 132 ден ашуун мектеп болсо анын 50% га жакын мектепке барып иш алып бардык.
Улуттук Кыздар федерациясынын эң негизги максаты 10 -18 жаштагы кыздардын укугун колдоо жана ошондой эле эрте никеге турууга , ала качууга каршы . Негизги максаты жашы жете элек кыздардын укугун колдоо, коргоо болуп эсептелинет .

Башында биз 5 кыз болуп иш алып барсак азыркы учурда 200 дөн ашык кыз менен иш алып барабыз. Талас облусунда кыздар менен иш алып барабыз жана ошондой эле Улуттук Кыздар федерациясы бизди ар дайым ар тараптан колдоп келе жатат. Ал эми тренингдерди кыздар өздөрү өтүшөт ,бизде темалар бар баардыгы мектепке байланышкан. Тренерлер бул окуучулар.
Мисалы : 5 кызыбыз Сары -Челекке барып окуп келишти. Биздеги тренерлер Жалал-Абадга ,Чүйгө окуп келишкен. Биз ар кандай окутууларга жөнөтүп турабыз. Талас облусунда биз тараптан 2 жолу лагерь уюштурулду.

Бизде эң сонун мүмкүнчүлүк бар , мисалы үчүн биздин уюмда мобильдик кинофестиваль уюштурулуп турат , ал жерден биз тема беребиз бир жарым минуталык кино тартышат . Комиссия текшерип ,эң сонун тартылган кинолорго кызыктыруучу белектер болот . Алдыда сонун пландарыбыз бар учурда.
11-октябрда кыздар күнүнө сонун иш чара өткөргөнү турабыз деп жатабыз. Бул иш-чаранын максаты жаш улан кыздарды колдойбуз деген аталышта болмокчу .