Талас шаары

«Ниетиң түз болсо, аз да болсо акчаң берекелүү»

9 Сентябрь 2023 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 76

Таластык 30 жаштагы Талгат кызы Жылдыз 6 жылдан бери “Жардам Талас” демилгелүү фондду жетектеп, кайрымдуулук иштерди жасап келет .

Мен , Талгат кызы Жылдыз 2 баланын энеси болом . Балдарымды чоңойтуп жана өзүмдү ар тараптан өнүктүрүп келе жатам . Азыркы учурда интернет жана инстаграм аркылуу иштеп иштеп үзүрүн көрүүдөмүн. Балдарымды да карап жумушка да жетишкенге аракет жасайм. Мисалы : “ Жардам Талас” фонддун жаш ыктыярчыларын жана үйдө отурган эжелерди , жумуш менен дагы камсыздап турам. Аларды үй актаганга , үй жыйнаганга , конок тосконго , бирин кир жууганга жөнөтөм. Алар күнүнө 1000-1500 сом киреше таап келишет. Жумуш таап бергеним үчүн иштеген акчасынан 50 сом которуп турушат . Үйдөн ар кандай кызыктуу китептерди сатам , убактылуу окууга берип турам. Андан дагы мага кичине болсо да акча түшүп турат . Инстаграм баракчамдан жарнама киргизип , башкаларга жеңилдик кылып жатып өзүмдүн ырыскымды таап жатам. Ниетиң түз болсо , аз да болсо акчаң берекелүү болот экен. Бул иштеримдин аркасы менен Умрага барып келдим , үйүмдү оңдоп ( ремонт) иштерин жасаттым. Машина алдым. 2 баламды эч нерседен кем кылдбай багып жатам. Аллахыма чексиз шүгүрлөр .

Артымдан бир нерсе калтырып кетким келет, учурда декретте болсом да үйдө отуруп калбай, ар тараптуу изденүүдөмүн. Бирок, мугалим кесибимди таштабайм, кийинчерек пайдалуу тренингдерди өтөм деген пландарым бар. Бир нерсени башташ оңой ал эми аны алып баруу кыйын. Баштаган нерсемди аягына жеткиргим келет. Үйдө отурган айымдарга кеңешим: ар бир аял амалкөй, аял кааласа үйдө отуруп деле акча табат эмгектенет. Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Кааласа үйдө отуруп окууса болот, кааласа иштесе боло . Убакытты текке кетирбей күнүмдүк план жазышыбыз керек . Мен план жазбасам мээм чарчап кетет. Күндө эртең менен турганда план жазып аны аткарганга тырышам. Тиричилик деген бүтпөгөн нерсе бүтпөйт экен. Убакытыбызды туура пайдалансак, өзүбүзгө пайдалуу нерселерге да убакыт жетет. Ийгиликтүү адам баарына жеткенге аракет жасайт . Аллахка ишенип аракет жасайлы.