Талас шаары

«Бакай-Ата районунда элеттик айымдардын ишкерлигин колдоо максатында фестиваль өткөрүлдү»

10 Сентябрь 2023 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны: 75

Бакай-Ата районунда элеттик айымдардын ишкерлигин колдоо максатында “Гүлдөгөн Талас” аттуу гүл фестивалы болду .

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган бул фестиваль Бакай-Ата райондук администрациясынын уюштуруусу менен райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. Буга «Кызгалдак плюс» кайрымдуулук фонду негиз болгон.

Аталган фестивалга Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сейдикеримова чакырылган.

Фестивалга айыл өкмөттөрдөгү гүл өстүргөн айымдар, мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелери катышышты .

Фествалдын катышуучулары өздөрүнүн жасап келген эмгектерин көргөзмөгө коюшту.