Талас шаары

«Таласта бак-дарактарды зыянкеч курт-коңуздар каптап жатабы?»

10 Сентябрь 2023 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 105

БАК-ДАРАКТАРДЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ ДАРЫЛОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ.


Талас шаардык жашыл-чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси Марс Айылчиевдин айтымында:
«Азыр жай мезгили болгондуктан гүлдөрдү, бак-дарактарды, чөптөрдү курт-кумурскалар каптап жатат. Курт-кумурсканын өзгөчө түрү ак курттар розаларды жеп, каптап жатат. Биз бул нерсени алдын алуу үчүн аларга каршы дарыларды чача баштайбыз. Быйыл гүлдөргө каршы эң биринчи тайфунду чачып көрдүк бул арзан эле.Бул биринчисинде таасир берген жок,экинчи ирээт сепкенде таасир берди, бирок көп убакытка чейин жок болуп, кайра пайда болуп жатты. Азыр бак-дарактар дагы биттеп жатат, аларга да каршы ахилес,геркулес деген түрлөрүн берип жатабыз» — деп билдирди.


Белгилей кетсек, аталган жумуштар бак-дарактардын жалбырагын жана кабыгын жабыркатуучу курт-коңуздарга каршы жүрүп жатат.