Талас шаары

«Таласта унаа токтотуучу жайлар пайда болду»

10 Сентябрь 2023 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 96

Таласта унаа токтотуучу жайлар пайда болду.

Талас шаарындагы базар айланасында И.Сарыгулов көчөсүндөгү «Гүлкайыр» дүкөнүнөн 130 метр жол жээкте акылуу унаа тактотуучу жай пайда болду.

Акы чогулткан мырзанын айтымында бул иш мэрия менен болгон келишимдин негизинде иштеп жатат.

«Бул жер Мэрия менен түзмө-түз келишим түзүлгөн. Мэриядан күнүгө келип текшерип турушат. Төлөө акысы 20 сом.

Жаңы мыйзамга баш ийбей акы төлөбөгөндөр да бар»- деп белгилеп кетти кызматкер:

«Мыйзамга баш ийбегендер да жок эмес . Тыюу салынган жерге унааларын токтотуп, таштандыларды таштап кетет. Аларга тынчтык жолу менен, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз».

Бул туура чечим деп колдогон айдоочулар да бар. Алардын бири таксист Азамат:

«Негизи болгону жакшы, анткени мурда бул жер бекер болгон кезде бул жерде башаламандык (беспредел) көп болчу. Ар ким каалаган жерине өз унаасын коюп кете берчү, пешеход, жол белгилерди эч ким карачу эмес. А, азыркы күндө парковщик иштеп жаткан себебинде белгилер коюлган, эгер мыйзам бузуулар болсо тийиштүү чаралар көрүлөт.
Бул жерге машина токтотууга болот же болбойт деп даана белгилер коюлган. Ошол себептүү парковщик азыр баарын көзөмөлдөп турат, көзөмөлдөгөнүнө жараша бул аймак кичине болсо да тартипке келе баштады. Бул туура нерсе, мен колдойм! Айрыкча бизге да ыңгайлуу болуп калды».

Бири колдосо экинчиси нааразы болгондор да жок эмес. Шаар тургуну кийинкилерди айтып берди:

«Таласта акылуу парковка качан болду эле? Менин билишим боюнча бул жерди бир депутат алды, мэрия менен сүйлөшүп алып, баягы эле карапайым калктын акчасын жегиси келип жаратат».