Улуттук стат коммитеттин маалыматына ылайык жылдын башында Кыргызстанга 500 миңден ашык смартфон импорттолгон. Алардын жарымы кайра башка өлкөлөргө экспорттолуп, калганын өлкө ичинде колдонулунат.

Ал эми Талас шаарынын тургуну 39 жаштагы Кайыргүл Ботикова дал ушул гаджеттерди оңдоп эмгектенет. Анын смартфондорго болгон кызыгуусу, телефон жарылып кетип, кашы күйүп калган окуясы жана келечекке болгон пландары бүгүнкү макалада.
“үй-бүлөм менен айылда эле турабыз. Жолдошум сварщик, үч балабыз бар. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккам. Ал кезде тиш догдур болсом деп ойлочум, анда ошол кесип белгилүү болчу”.
Турмуш кургандан кийин Кайыргүл айым 14 жыл декреттик өргүүдө болгон. Андан соң Россияга барып, дүкөнчү болуп иштеп келген. Кийинчирээк өзүнүн инисинин смартфон оңдоп-сатуу дукөнунө жумушка кирген.

“Бул жерде эмгектенип жатканыма 6 жыл болуп калды. Башында аябай кызыгуу бар болчу. Иним оңдоп жатканда карап турчум. Ичинде эмне бар, кандай жайгашкан. Ошол учурда самсунг J1 деген телефондор болчуда. Эң биринчи ошолордук крышкаларын, экрандарын ачканды үйрөнгөм”.
Телефондорду оңдоо алдында алгач аралдын маркасын, аталыштарын жатоо зарыл жана ал үчүн Кайыргүлдүн 2 ай убактысы кеткенин белгилеп кетти:

“Кардар келгенде бат эле анын телефонун карай калып, ал кайсы маркада жана ага кандай тетиктер керек экенин шыр айтыш керек. Ойлонуп отурганга болбойт. Бүгүкү күндө телефондордун 100 ашык түрү бар болушу керек. Анын баарын билем”.
Ал смартфон оңдогонду 3 айда өздөштурүп алган. Башанда өз алдынча иштегенден кооптонуп жүргөнүн айтат:

“Баарын үйрөнүп алып, бирок өзүм жасагандан коркчумун. Анан иним 4 айга дабатка кетип алды. Ошондо өзүм иштегенге туура келди. Ошол убакыттан бери экран алмаштырам, микросхемаларды, зарядканын гнездосун оңдойм, плата алмаштырам, микросхема бул телефондун мээси. Аны дагы эмдейм”.
Жалпысынан ремонтчу айым жумушу жеңил, өзүнө жагарын белгилеп, бирок баардык эле жердегидей өзунүн кыйынчылыктары бар экендигин айтты:

“Биз эми эл менен иштейбизда, алар ар кандай болот. Кээ бирөөлөрү ыраазы болуп кетишет. Бирок техникага кепилдик бере албайсыңда, жаңы эле иштеп туруп үйүнө барганда куйүп кетиши мүмкүн. Кайра алып келет сен жаман жасадың деп, анан өз чөнтөгүңөн оңдогонго туура келет”.
Мындай окуялар Кайыргүл жаңы иштеп жүргөндө көп кездешчү:
“Көп учурда батарейкалары шишип кеткен телефондорду алып келишчү. Бир жолу айфон 7 алып келишти (ошол учурдун жаңы телефону), анын батарейкасын ачыш үчүн ыссытыш керек. Аны аппараттын үстүнө койюп, башка кардарга алаксып кетиптирмин. Ал жарылып кетти. Өз чөнтөгүмдөн кайра экранын, жаңы батарейкасын жасап бергем. Кудай жалгап иштеп кетти”.

Смартфондор атайын аппараттын үстүндө эмес оңдоп жаткан адамдын колунда да жарылып кетиши мүмкүн. Дал ошондой окуя каарманыбыз менен да болгон:
“Алмаштырайын деп алган батарейка көз алдымда жарылып кетти, каштарым,кирпиктерим күйүп калган. Бирок,жумушта болгон көйгөйлөрдү үйдө такыр айтпайм. Жумушту үйгө аралаштырган туура эмес деп эсептейм”.
Бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Кайыргүл алдына койгон максаттары менен да бөлүшүп кетти:
“Азыр инимдин жанында айлык акыга иштейм. Буйруса өзүмчө точка ачсам деген пландарым бар. Бул жумушта жалгыз жетишпейсиң. Уулумда телефон оңдого абдан кызыгат. Жайы бою жанымда жүрүп үйрөдү. Азыр мектепте, 2 жылдан кийин бүтсө чогуу иштей баштайбыз. Эжемдин кызы бар. Алда телефон өңдоого кызыгат, бирок ал ичиндеги программалырын жакшы билет. Буйруса аны да жаныма алып алам деген максатым бар”.
Кайыргүлдүн жумушунун эң оор жери бул кардарлар менен сүйлөшүү. Анын айтымында эл менен сылык, туура баарлашсаң алар дайыма кайра сени издеп келет. Кардарлар бул жумушту эркек же аял жакшы кылат деп эмес, аладын профессионализмине карап тандашат. Смартфонуңуз бузулуп калбаш үчүн же узак убакыт боюу сизге кызмат кылыш үчүн кубаттоону туура жасоо керек. Маселен түнү менен кубаттагычта калтырбай, жок калганда кубаттап, толгон учурда алуу сыяктуу эрежелерди сактоо зарыл.