Талас облусунда жайгашкан Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүү токтотулду. Бул туурасында айыл чарба министрлиги билдирди.

17-19-июль күндөрү эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп, ал жолугушууда казак тарап Жамбыл облусундагы кургакчылыктан улам суунун көлөмүн көбөйтүүнү, тагыраагы мурда секундасына 40м куб суу каралса, 18-июльдан 31-июльга чейин 45м куб кылып көбөйтүп берүүсүн суранган. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстандын дагы фермерлери сууга аябай муктаж болуп турганына байланыштуу сууну таптакыр жабууну чечишкен. Айыл чарба министрлиги Талас өрөөнүндө азыркыга дейре суунун тартыш экенин баса белгилеп кетти.
Казакстандын экология жана жаратылыш боюнча вице-министри Галидулла Азидуллин менен
Кыргызстандын суу ресурстарынын директору Алмазбек Сокеев августтун 2-декадасынан баштап казак тарапка суу берүүнү токтотуу протоколуна кол коюшкан.

Учурда казак басылмалары Жамбыл облусундагы кургакчылыктан улам талаадагы пияз жана дан эгиндери күйүп кетүү коркунучунда тургандыгын жазып жатышат.