Талас шаары

«Мектеп мүдүрлөрүнүн айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлөт»

21 Сентябрь 2023 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 91

Мектеп мүдүрлөрү менен завучтардын айлык акысы көтөрүлөт. Бул туурасында Билим берүү министрлиги билдирди .

1-сентябрьдан тарта мектеп мүдүрлөрү менен завучтардын айлык акысы 50% жогорулайт.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, мурда 13 жылдык стажы бар 100-600 окуучу билим алган мектептин директору 19,1 миң сом алса, эми 28,7 миң сом болуп көбөйдү.
1800 дөн ашык окуучусу болсо 35000 сомго чейин жетет.