Талас шаары

«Таласта майыптыгы бар 45 балага кайрымдуулук иш-чара өткөрүлдү»

21 Сентябрь 2023 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны: 78

Таласта майыптыгы бар 45 балага майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул туурасында Талас жаштар демилгелүү тобунун жетекчиси Талгат кызы Жылдыз билдирди.



“Жума күнү айрыкча көп иш-чараларды өткөрүп турабыз. Бул балдарга арналган иш-чарага 39000 сомдой акча каражаты чогулду. Ч.Айтматов району, Талас шаары, Бакай-Ата районунан баардыгы биригип 45 бала келип катышты. Бул иш-чаранын максаты майыптуулугу бар балдарды карап үйдө отурган энелердин маанайын көтөрүү жана балдарга жагымдуу маанай тартуулап , көңүлдөрүн көтөрүү болду. Балдарга 45 шт күлөк даярдадык. Энелер үчүн атайын конкурс уюштуруп , белектерди бердик. Тамак- аш бердик. Алып баруучу Кутберди деген тамада болду. Кайрымдуу инсандардын чогулган акчасына жакшы иш-чара өткөрүп бердик”- деп билдирди .