Түйтө айылында 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр, айыл үчүн аялдама куруп беришти. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын башчысы Биигазы Таалаибеков билдирди.

«Ынтымак бар жерде ырыс бар, ырысы бар элде жылыш бар» дегендей, биздин Түйтө айылынын 1985-жылы туулган классташтар чогулуп «Биз айылыбыз үчүн эмне жасап беребиз» деп кайрылуу жасашкан. Чогу кеңешип, Түйтө айылында аялдама жок болгондуктан, аялдама куруу демилгесин көтөргөнбүз. Каражат чогултушуп, учурда аялдаманын 90 пайыз жумушу бүттү»-деди ал.