Талас шаары

«Жаштыктын доору узарды»

21 Сентябрь 2023 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны: 83

Кыргыз республикасынын президенти Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бул мыйзамдын максаты-жаштар саясатын калыптандыруунун , ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.
Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердити өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган.

Андан тышкары буга чейин 28-жашка чейинки кыргыз жарандары жаш деп эсептелсе, эми 35-жашка чейинки кыргыз жарандары жаш жарандар деп саналаарын белгилешкен.