Талас шаары

«Билим берүү министри Таластык мугалимдерге эмнеге эскертүү берди?»

22 Сентябрь 2023 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны: 122

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мугалимдердин августтук кеңешмесине катышты.

Кечээ, Талас облусунда жылда болуучу мугалимдердин августтук кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге 500 дөн ашуун мугалимдер, облус боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мүдүрлөр, завучтар келип катышышты. Иш-чарада жаңы окуу жылына жаңы дем, шык менен кирип алгылыктуу иштерди биргеликте иш алып баруу, талкуу иштери сунушталды. Бул туурасында Талас билим берүү усулдук борборунун мүдүрү Салтанат Бейшенова билдирди.

Эске салсак, быйылкы ЖРТ жыйынтыгы боюнча Талас облусу “Алтын тамга” сертификатын алган эң аз аймак болуп калган. Буга байланыштуу Иманалиев Таластын мугалимдерине келерки жылы кем дегенде 20 сертификат алууну эскертти.