Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Бүгүнкү күндө стадиондун трибунасындагы отургучтарды толугу менен алмаштыруу жана тепкичтерин заман талаптарына келтирүү иштери жүрүп жатат.