Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын жаш спортчусу Марлен Абдысаматов күрөш менен 9 жылдан бери машыгып келет. Жакында өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүчү болуп, алтын медалдын ээси болду.

Спортчу 2023-жылы болуп өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алып, алтын медалга ээ болгон. Бул нерсени ал көптөн бери күтүп, акыры максатына жеткенин айтат. Аталган чемпионатында атаандаштары дагы аябай күчтүү болгонун бегиледи:
“Азия чемпионатында алтын медалга ээ болдум. Индиялык, ирандык, өзбекстандык мыкты балбандар менен күрөштүм. Мен үчүн албетте оор болду. Бирок күнү-түнү кылган аракетимдин үзүрүн көрдүм десем жаңылышпайм. Мени дайындап, мага колдоо көрсөткөн бул менин тренерим Замир Бейшебеков болду. Агайымдын аракети, колдоосу дагы мен үчүн чоң күч кубат берди”.

Марлен Абдысаматов спортто белгилүү ийгиликке жетүү үчүн талыкпас эмгек жана артка кайтпоо маанилүү экенин түшүнөт. Материалдык жактан ар дайым үй бүлөсү колдоо көрсөтүп келет. Кандай кыйынчылык болбосун, ал нерсени жеңүүгө алдыга гана кадам ташташ керек экенин айтат:
“Мен эң биринчи жолу башка айылга күрөшкөнү 1-класста барып калдым. Агайым менен биргеликте барып, агайым мени колдоп, ошондо 3- орунду алып калгам. Бирок бул нерсеге дагы кайгырбай, шүгүр деп, кийинкиде сөзсүз 1-орунду алам деп кеткем. Ал эми азыркы учурда башкаларды карасам сабырсыз, бир утулуп калса эле андан ары улантпай таштап коюшат”.

82kg GR — Akylbek TALANTBEKOV (KGZ) df. Dias KALEN (KAZ)
“Окуучум 2 жыл мурун спорт мектебине келип окуй баштады. Марленди мен кичинесинен бери жакшы билем жана азыркы учурда тренери болом. Быйыл мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, кубантып олтурат. Марлендин башкалардан өзгөчөлүгү анын мүнөзүндө. Ушунчалык тырышчаак, айтканынан кайтпаган, кылам дегенин кылган, утам дегенин уткан бала».

Марлен мындан ары дагы спорт менен машыгып, олимпиадалык оюндарга, дүйнөлүк чемпионаттарга катышып, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткысы келгенин айтып, жаңы өсүп келе жаткан жаш спорчуларга ийгилик каалады.