Талас шаары

«Төө-Ашуудагы тоннель оңдолуп бүттү»

24 Сентябрь 2023 жыл 9:03
Көрүүлөрдүн саны: 58

Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү, эртең саат 16:00дөн кийин унаа кыймылына коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Tilek Tekebaev билдирди.

Анын айтымында, 2-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин жана анын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат. Бул учурда автоунаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.