Таласта электр энергиясын жакшыртуу максатында электр жабдуулар оңдоп — түзөө иштеринен өтүп жатат. Бул туурасында электр ишканасынан билдиришти.



2023 — жылдын октябрь айына чейин обочолоткучтарды (изолятор) алмаштыруу иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Учурда жогорку чыңалуудагы аба чубалгы кызматында 12 кызматкер эмгектенүүдө. Бул жумуштар келерки күз-кыш мезгилдерине карата камылгалар. Калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, электр жабдуулар өз учурунда оңдөп — түзөөдөн өтүп турушу шарт.