Талас шаары

20:00 кийин өспүрүмдөргө көчөгө чыгууга тыйуу салынат

28 Сентябрь 2023 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 141


20:00 кийин балдарга көчөгө чыгууга тыйуу салынат. Бул тууралу Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Санжар Өзүбеков окуучулар менен жолугуушуда маалымдады.

Өзүбеков кесиптеши Нурахим Жусупов менен Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектепте окуучулар үчүн «Кылмыштуулуктун алдын алуу»,»Рэкетчилик»,»Зордук-зомбулук» деген темаларда лекция өтүштү.

Инспекторлордун айтымында кун баткандан кийин көп кылмыштар болуп, алардын себептеринин бири бул ата-энесинин кароосу жок түнкү 12-1 чейин көчөдө жүргөндүгү.

«Кечки саат 20:00 дон кийин көчөгө ата-эненердин көзөмөлү жок эч жакка чыкпашынар керек.Кыздарды уурдап кетип,зордук-зомбулуктун ар кайсы түрлөрү болуп жатканын көрүп, угуп жатасыңар.Эгерде кылмыш кылып бизге түшө турган болсоңор,мектеп учётуна алынасынар!»-деп иш чараны жыйынтыктаган.