27-28-чи сентрябрь Талас шаарында атайын “Дуйнөлүк жүрөк” күнүнө карата уюштурулган акысыз акция болуп өттү. Иш чараны Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери уюштурду.

Эки күн ичинде шаар тургундары медициналык борбордун биринчи кабатында жана “Азия” соода борборунда кан басымын, кандагы глюкозанын денгээлин, боюн жана салмагын акысыз текшере алды. Бул тууралу аталган медициналык борбордун кызматкери Гулбара Карабаева “Талас ФМ” жааматтык радионун кабарчысына билдирди.

Анын айтымында күнүмдүк жашоодо адамдар өз ден соолугуна көңүл бурбай, оруулары өрчундап калганда гана келерин айтып, мындай акция учурунда орууларды алдын алууга болор экенин белгиледи.

“Азыр эле бул жерден кан басымы эки жүзгө көтөрүлүп турган эжени аныктадык. Ошондой көрсөткүч менен дүкөн аралап жүрөт. Ал дэн соолукка абдан коопту. Ага кеңеш берип, үйүнө жөнөттүк” – деди Карабаева.

Акциянын катышуучусу 62 жаштагы Динар Акчалова кийинкилерди айтып берди: “Мага бул иш чара абдан жакты, негии бизге мындай акциялар керек. Элдер абдан көп. Өзүм деле сахарымды көптөн беритекшертпей жүргөм. Текшерип жакшы экен деп айтты, болгону ашыкча салмак бар экен. Ал боюнча кенештерин айтып, жашылча жемиштерди көбүрөөк же деп сунушташты”.
Эки күн ичинде адистерден эки миңге жакын адам консультация ала алды.