Талас шаары

«Маркум баласынын классташтары үй куруп беришти»

1 Октябрь 2023 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 15

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургуну 57 жаштагы Бутешова Гүлмира ак өргөлүү болду.




Гүлмира айым уулунан, келининен жана жолдошунан ажырап калган. Учурда 2 кызды тарбиялап, улуу кызынын балдарын карап турат. 28-июнь күнү 1985-жылкы балдар 20 — жылдык кече өткөрүүнүн ордуна, үйсүз калган маркум классташынын апасына ак өргө түргүзүп берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бул демилгени айыл эли дагы колдоп беришкен. Бардык шарттары менен 3 бөлмөлүү ак өргөнүн ачылыш аземин жасап беришти. Ата — бабаларыбыздын наркын бек сактап, келечекте кайрымдуу, адилеттүү, ыймандуу, айкөл жаштарыбыз бар экендиги сыймыктандырат.