Талас шаары

«Президенттик стипендиянын ээси болгонума сыймыктанам»

1 Октябрь 2023 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны: 67

Таластык 20 жаштагы Альмира президенттик стипендияга ээ болуп, келечекте чет жака чыгып ийгиликтерди жаратам деп пландоодо.


Мен, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин. Учурда президенттик стипендиянын ээси болом. Бул мен үчүн эң чоң жетишкендик деп эсептейм. Башында Таласта окуйм деп көңүлдөнгөн эмесмин, бирок Талас Мамлекеттик университети мени жылуу кучак жайып тосуп алды, жана көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Келечекте чет жактарга чыгуу кыялымда бар. Бул нерсеге ата-энем, туугандарым түз көз карашта. Азыр көпчүлүк кыздарды көрүп жүрөм, чет жакка чыгып окугулары келет, бирок ата энеси же туугандары тараптан бут тосуулар, тоскоолдуктар көп болот. Бирок менин атамдын туугандары чет жакта турушат. Биздин үй-бүлөдө чет жакка чыгып иштөө бул кооптуу көрүнүш катары саналбайт. Ата-энем мени бардык жактан колдойт.
Президенттик стипендия алуу аземине барганда, стипендия алуучулардын 80%ы кыздар ал эми 20%ы эркек балдарды түзөөрүн президентибиз баса белгилей кетти. Демек, учурда гендердик стереотиптер жаштардын арасында азаюуда десек болот. Мен ойлойм жаштар изденүүнүн аркасында чоң-чоң ийгиликтерди багындырат деп. Андыктан билимге көбүрөөк басым коюп, ар кандай тренингдерге, окутууларга катышып, жашоо таанымын жогорулатып, азыркы замандын агымынан калбоо керек деп эсептейм.