Талас мамлекеттик университетинде түрк тилин үйрөтүү боюнча заманбап борбор ачылды.


Канча тил билсең, ошончо дил билесиң дегендей, түрк тилин окуп өздөштүрүү аркылуу ар кыл элдин маданиятын, тарыхын таанууга болот. Бул борбор Түркиядан билим алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүп берет. Ошондой эле заманбап билим берүүнү өнүктүрүүгө, жаңы билимдерди, тажрыйбаларды үйрөнүүгө өбөлгө түзүлөт.