Бүгүн, 18-октябрь күнү Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинде “Чет өлкөдөгү ишкер айым” аталышында презентация өткөрүлдү. Ага 8-11 класстын окуучулары катышты.
Иш чаранын уюштуруучусу Айгуль Сакеева алгач катышуучлардын чет өлкөдө миграцияда жүргөн туугандары бар экендигин билип алды.
Көпчүлүк окуучулардын туугандары кондитер, таксит жана башка тейлөө кызматкерлери экендиги анык болду.
Башка өлкөдөгү кыргыздар ишкерлик менен алектене алабы деген суроого көпчүлүк мүмкүн бирок андай адамдар аз же болбосо өзгөчө билим керек деген жооптор айтылды.
Айгуль Сакеева жоопторду алгандан кийин Кыргызстандын кичинекей айылынан Орусияга барып өзүнүн жеке агенттигин ачкан Самара Нарматова тууралу баяндады. Ишкер айым чет өлкөдө көп жыл тейлөө кызматында иштеп, кийин өзүнүн ишин баштап бүгүнкү күндө 14 кызматерди жумуш менен камсыз кылып, 800 ашык адамга үйлүү болгонго жардам берген.
Нарматованын окуясы окуучуларга мотивация берип, келечекте алар дагы ишкердик кылып башка адамдарга жардам береерин айтышты.