Асел Алыбаева Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлүп, өзүнүн сүйүүсүн таап, Англияга көчүп, чакан бизнес ачып, дүйнө жүзүн кыдырып эс алып келет.
Кичинекей айылдын тургунундагы чооң өзгөрүүлөр Асел “Кумтор” компаниясында эмгектенгенде башталат:
“Мен ал жакта официантка болуп иштечүмүн. Биздин жетекчибиз англичанин Саймон Гранди болчу. Биз бири бирибизди жактырып калып,баш коштук. Менин бир кызым бар болчу. Саймон аны өзүнүн атына жаздырып, Англияныны Манчестер шаарына көчүп кеттик. Мен Кыргызстандан чет жакка биринчи чыгышым болчу”.
Асел жолдошу менен Кыргызстанда бир нече жыл чогуу иштеп бири бирин жакшы таанып, чооң сүйүү аркасында ээрчип кеткенин айтты. Ал учурда ишкер айым 28 жашта болгон. Жолдошу орус тил билгендиктен экөө бири бирин түшүнүүдө кыйынчылык болбогондугун, бирок жаңы жерге келип тил үйрөнүү маанилүү экендигин айтты: “Тил үйрөөнүү үчүн супермаркетте иштедим, бир жыл колледжте окудум. Тилди жакшы өздөштүрүп алгандан кийин жергиликтүү акимиятка “приемная мама” деген жумушка кирдим. Ал үчүн бир жыл тренингтерден окуп даярдандым. Натыйжасында 10 жыл англичандардын балдарын бактым. Буну “фостеринг” деп коет. Ата-энеси өзү бага албаган, ичип кеткен же болбосо түрмөдө отурган адамдардын балдарын карачымын. Ал убакытта 20 бала багыптырмын. Алардын кээ бирөөлөрүн башкалар багып алды, кээ бирин ата-энелери алып кетти. Ошентип социалдык сервис менен иштедим. Жумушум өзүмө абдан жакчы.Көп нерсени үйрөндүм, көптөгөн окууладан өттүм. Жакшы акча каражат топтой алдым”.
Жаңы жерге келип жаңы жашоону баштаган Аселдин турмушунда дагы чоон өзгөрүүлөр болду:
“Балдарды багып жүрүп жолдошум экообүздүн жолубуз келишпей, ажырашып кеттик. Мен Саймондон биз жашаган үйдү сатып алдым. Мен ал жерде балдарды карап иштей бердим”.
2015 жылы Асел айым Түштүк Африкага барып иштеп келүүнү чечет. Ал жакта башында бала карап, волонтер болуп, кийинчирээк өзүнүн сулуулук салонун ачат. Бирок ал жакта туруктуулук жок болгондуктан кайра Ангилияга кайтып келет:
“Мага Лондон шаары абдан жагып,ушул жакта жашайын деп чечтим. Мен 4 жыл Кейптаунга барып келип жүргүчө үйүмдүн баасы бир топ көтөрүлүптүр жалпы 10 жыл ичинде. Лондонго келип жумуш таап, үстүнө акча кошуп дагы бир үй алдым. Ошол эки тамды арендага берип кошумча киреше табам”.
Ижарага берген үйлөрдү Асел айым ипотекага алган. Аны алыш үчүн бир топ текшертүүлөрдөн өтүп, баардык керектүү документтерди тапшырган:
“Кыргызстанда кандай билбейм, бирок бул жакта ипотеканы бир гана банк эмес ар түрдүү компаниялар берет. Ошондойдун биринен алгам. Анан атайын агенстство мага кардар таап берет. Мен Аларды үйлөрүмө алып барып, тааныштырып,көргөзүп чакан бизнесимди жүргүзөм”.
Мындай ишкерликти жүргүзүүн экережели:
“1. Налог төлөш керек
2. Электроэнергияны өз убагында төлөө керек
3.Сөзсүз страховка керек
4. үйдө комфорттуу жашоо үчүн баардык шарттар болуш керек
5. 1 жылда бир жолу атайын текшерүүлөрдөн өтүп туруу керек”.
Асел айымдын айтымында Лондон дүйнөдөгү эң кым шаарлардын бири жана бул жерде жашоо үчүн көп аражат керектелет ошондуктан ал жумушка орношкон:
“Азыр бир үй-бүлөдө жарым күн иштейм. Кызматым администратордукундай болуп калат. Кардарларымдын балдарын мектепке жеткирем, кызматчыларды таап берем үй-жыйнагыч, эшик тазалагычтарын. Бир нерсе бузулуп калса оңдотом, азык-тулуктү камсыздайм жана башка. Уй ээси өзу профессор математик-физик, жубайы чоң ишкер айым. Алардын эки баласы бар, бирок аларды караганга убакыттары жок, ошондуктан мен жардам берем. Бош убактымда өзүмдүн бизнесиме көңүл бөлөм. Мен Лондондо турам, үйлөр Манчестер болгондуктан алыстан иштейм. Бунун өзүнүн жакшы жактары бар. Мисалы: бир жери бузулуп калса, телефон чалып эле жумушчуларды жөнөтүп коем, акчасын банк аркылуу эле которуп коем. Бул иш абдан жакшы себеби кыймылсыз мүлктүн баасы түшпөйт,сага дайыма кошумча киреше келип турат ”.
Каармаыбыздын айтымында Лондондо комфортту жашоо үчүн жумасына 60-70 саат эмгектенүү керек. Ал эми Асел кошумча жумушу бар болгондуктан,жумасына 3 күн эле иштеп, калган убактысын өзүнө бөлөт:
“Бешинчи,алтынчы,жетинчи күндөрү бошмун. Ал убакытта тренажерныйга барам, сууга түшөм, йога, пилатес жасайм. Досторум менен жолугуп, парктарга барам. Азыркы учурда бул жакта партнерум бар, ошол экөөбүз убакыт өткөрөбүз.”
Англияда ишкерликти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу мындай деди: “Англияда бай кедей деген бөлүнүү жок. Бай болсоңда ошол кезекте турасың, кедей болсоңда.Бул жакта мындай ой жүгүртүү бай болсоң өзүн үчүн басың, кымбат кийинсең өз үчүн, бизге тиешеси жок. Бул жакта мыйзмды бузбай иштесең сага эч ким тийишпейт. Бизнес жасайсыңбы, Уйдө отурасыңбы бул жакта дискриминация деген жок. Бул жакта ой-жүгүртүүңдү чоңойтуш керек.Ар кандай рассадагы, ориентациядагы адамдар бар. Сен аларга эч нерсе деп айтпашың керек. Ал биздин иш эмес, ал өзү калагандай кылат. Баардык адамдар бирдей укуктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн баардык шарттар бар. Алар башкалардай эле болуп клубтарга, кино баардык жактарга барууга баардык шарттар түзүлгөн”.
Бул мамлекетте өзүңдү онүктүрүү маанилүү экен жана билбеген нерселер боюна акылуу консультацияларды алуу керек:
“Азыр баардык эле маалыматты интернеттен тапса болот. Ошол жактан көп карап окуйм, билбеген нерселерим болсо ишкерликке тиешелүү атайын консултьтация алам.Мамлекеттик сайтта ар түрдүү окуулар бар ошолорду да өтсөн болот”.
Асел айым Англиянын экономикасына өз салымын кошуп келгендиги тууралу мындай деди:
“Экономикага болгон салымым бул эң биринчи кезеткте өзубагында налог төгүүм, андан тышкары өзишим так жүрүү үчүн ар кандай адамдардын кызматына кайрылам, аларга акысын төлөп берем. Театра ресторандарага барам, ал деле экономикага кирет. Азык-түлүк алып жатам, бул дагы менин салымым деп ойлойм. Андан тышкары дагы бир мамлекетке кошкон салымым бул башка адамдарды үй менен камсыз кылып жатам. Англияда жер таар, үй аз,киши көп. Мамлекет жылына 300 миң жаңы там салып бериш керек элге, бирок алар 100 миңге эле алы жетет. Калганы ошентип ижарага алып жашайт”.
Ишкер айм Англияда 22 жыл ичинде контаркт менен иштегенге көнгөн жана бул жакта мигранттарга кандай мамиле кыларрын жөнүндо да айтып кетти: “Бул жакта жумушка орношуу алдында контаркт тузүлөт. Ал жерде сен канча саат иштейсиң, кандай кызматтарды аткарасың,жумушта өзүңдү кандай алып жүрүшүң керек, эмнелер болот,эмнелер болбойт баары жазылат. Бул жакта англичандар өздөрү кара жумушка иштешпейт же чоң жумуштарда иштейт же болбосо башка өлкөлөргө кетип калышат мындан да жакшы жашоо издеп. 20 жыл мурун бул жакка Болгария Польшадан келип иштешчү, алар буттарына туруп,эми Борбор Азиядан жумушчуларды алып келип жатышат. Озүм тааныбайм, бирок Кыргызстан Таджиктсандан теплицаларга жумушчулар көп келип жатат деп уккам. Бул жакта антип иштейтурган кишилер жок, сый мамиле кылбаса анда супермаркеттерде жемиштер жок калат”.
22 жыл мырда Англияга жаңы жашоо баштап жатканда Асел өзунүн кичинекей кызы Салтанатты ала келген. Кызы чоңойуп быйыл 30 чыккан. Окуусун аяктап, бир топ мамлекеттерде эмгектеип жүрөнүн айтып жана Англияда 30 жашта турмуш куруу эрте деди:
“Бул жакта балдар,кыздар өз жашоосун куруп, дуйнөнү түшүнүп, өздөрүн түшүнүп,саякаттап, жер,эл көрүп, үй алып, туруктуу жумуш таап, анан үй=бүлө курууга барышат. Эркектер ошондо 37-40 жашка барганда, аялдар 35 ашкандан кийин. Менин кызымда азыр кайсы мамлекетте жашаарын чече элек. Бул жакта элдер биринчи өзүнө жашаганга комфорттуу мамлекет ,ананы аба ырайы, шарттары ошонун баарын карап, анан үй-бүлө курат. Ал эми мен кызымды чөңойттум, иштеп жүрждүм, чакан бизнесим бар, ошондуктан эс алууга кобүрөөк убакыт бөлөм. Саякаттаганды жакшы көрөм ушул нерселерге көбүрөөк басым жасайм”.
Кыргызстанга келип ушундай ишкерлик кыласызбы деген суроого Асел айым Англия абдан туруктуу мамлекет, бул жакта стабильность бар. Баардыгы мыйзам чегинде иш кылат. Ошонусу менен жагат, Кыргызстандай тааныш, тартып алыш деген жок. Ошондуктан өз жеринде мындай ишкерликти жургүзгөндөн кооптонорун айттып,сөзүн жыйынтыктады.