Казакстан өлкөсүнүн Тараз шаарында «Жабаглы — Манас тоо клубу» менен бирдикте «Борбордук Азиядагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар» деген темада семинар болду.
Семинарга Талас Мамлекеттик университетинин табият таануу факультетинин педагогдору жана Талас шаарынын К.Дарданов атындагы №3, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектептеринин, Талас районундагы К.Нурбеков жана Т.Кушчубаева атындагы орто мектептердин, Айтматов районундагы Манас орто мектебинин жана Т.Айтматов атындагы орто мектептеринин биолог мугалимдери катышып келди.
Семинарды «Жабаглы — Манас тоо» клубунун тренерлери Рауф Сабитов менен Елена Ефимова өттү. Семинардан Борбордук Азиядагы жоголуп бара жаткан, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар, алардын жашоо тиричилиги жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
Иш чаранын катышуучуларына «Жандуу курал» аттуу окуу китеп тартууланды. Бул китепте сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлардын сүрөттөрү менен бирге биологиясы жазылган экен.
Негизи Талас өрөөнү менен Тараз аймагындагы көпчүлүк флора, фаунага окшош болушаары жөнүндө баяндамалар болду. Биоартүрдүүлүктү сактоо ар бир жарандын милдети экендиги баса белгиленди.
Семинардын катышуучулары кызыктуу, жаңы маалыматтарга ээ болушуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.