Талас шаары

«Мээримдүү тыйын» акциясы Таласта 12 өмүрдү сактап калды

5 Ноябрь 2023 жыл 8:35
Көрүүлөрдүн саны: 21

Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдында “Мээримдүү тыйын” аталышында акция болуп өттү. Иш чаранын уюштуруучусу “Элим барсыңбы?!” кайрымдулук фондтун Таластагы жетекчиси Мирлан Ажыкулов кийинкилерди айтып берди:

“Бул акция бир жылда 2 жолу уюштурулат май жана октябрь айларында. Башкы максаты операцияга муктаж болгон инсандарга жардам берүү. Андан тышкары жаш бөбөктөрдү кичинекей кезинен кайрымдуу, боорукер кылып тарбиялоого үгүт берүү”.


Муктаждарга керектүү каражат топтоо үчүн буга чейин кичинекей балдарга жана студенттерге атайын садака кутучалары таркатылган. Алар кийинки акцияга чейин кутучаларга акча чогултуп келиши керек. Бул акция көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калганын Ажыкулов белгилеп кетти:

“Иш чара Кыргызстан боюнча өткөрүлүп 2021 жылдан бери 100 ашык адамдын өмүрүн сактап калган, ал эми Таластан биз 12 адамга жардам бере алдык” деп сөзүн жыйынтыктады.