Талас шаары

Түркияда медициналык туризмди өнүктүргөн кыргызстандык Махабат

4 Декабрь 2023 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны: 247

Махабат Жумабекова 45 жашта. Мектепти аяктаган соң Түркияга жогорку билим алуу үчүн келип ошол бойдон ал жакта калып калган. Туризм тармагында 20 жылдан бери алектенип, бул аралыкта ири фирмалар менен кызматташып, жетекчилик милдетти дагы аркалап келет. Учурда дарылануу, эс алуу жана иштегени Туркияга барган жарандарга которомочулук кылып кызмат көрсөтөт.

Ишкер айым Махабат Ысык-Көл облусуна караштуу Күрмөнтү айылында төрөлгөн. 1994-жылы Бишкекке жогорку окууга тапшырган. Андан кийин Түркия менен Кыргызстан ортосундагы квотага тапшырып, окууга өтүп кеткен.
“Кыргызстандан 130 га жакын студент келгенбиз. Окуу алдында 9 ай тил үйрөндүк. Окууга тапшырып жатканда мен түрк тилин гана эмес, Түркия деген мамлекет бар экендигин билген эмесмин, себеби, бала чагым айылда чоң ата энемдин колунда өткөн. Мектепте кыргызча окугандыгыма байланыштуу, тил үйрөнүү оор болгон жок. Сөздөр окшошуп кетет”.

Каарманыбыз бир нече окуу жайын тандап, акыры өзү бала чактан кыялдаган окууга өткөн.
“Самсун шаарындагы “19 Mayıs Üniversites” университетитинин азык-түлүк өндүрүштүк инженерия боюнча факультетине өттүм, бирок окууга барган жокмун, себеби, мен кичине кезимден эле экономист болууну кыялданчумун. Каникулга Кыргызстанга барып келгенден соң арыз жазып, Стамбулдагы Мармара университетине банк иштери боюнча бөлүмдө окудум, андан кийин Эскишердеги Anadolu университетинин экономика факультетин аяктап, Конья шаарындагы Селчук университетине эл аралык мамилелер боюнча аспирантурага өттүм».
Туризм өнүккөн чоң Стамбул шаарында орусча билген студенттерге кошумча жумуш табуу оңой болгон. Ошондуктан Махабат 1995-жылдан баштап сабактан кийин жарым күн котормочу болуп иштеп баштаган.
“Багыма жараша Стамбулдун жакшы районунда жайгашкан чоң бир фирмага которомочу болуп кирдим. Кесиптештерим чет өлкөдөн келгенсиң, окуйсуң деп мени колдошуп турчу, абдан жакшы адамдар болчу”.

Жаңы жумуш ордунан Махабат компьютер колдонгонду, иш кагаздарын алып баарууну, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жана башка тажрыйба топтой алганын эстеди:

“Окуума эч байланышы жок туризм сферасында иштеп калдым ошодон бери турзм жана авиация тармагында 20 жыл эмгектендим. Биринчи фирмадан, андан чоңураакка которулуп, ал жерден дагы чоңураакка өтүп отуруп, авиатармакка өтүп кеттим. Алгач орусиялык фирма менен иштеп. Ал жерден тажрыйба топтоп Кыргызстан менен Турция ортосундагы “ЭИР Бишкек” фирмасынын Түркиядагы өкүлчүлүгүндө иштедим. Ошондо көп кыргызстандыктар мени тааный баштады, себеби самолетко өзүм регистарция кылып, кабыл алып, аэропорттогу иштердин баарын өзүм кылчумун. Документтери туура эмес болгондорго жардам берип, мекендештериме жардам көрсөткөнгө баардык аракетимди жасадым. Кийин мени баары “Билетчи Махабат эже” деп таанып калышты. Экономикалык себептерге байланыштуу бул каттам токтоп калды”.
Бирок бир эшик жабылса,башкасы ачылат дегендей, Махабат айымга жаңы мүмкүнчүлүк ачылды:

“2013 – 2020- жылдар арасында BILETBANK — туркиянын эн чоң авиабилет, отел резервация платформасы болгон B2B авиакассаларга жана туризм фирмаларына жана B2C акыркы клиенттерге кызмат берген эң чоң 3 фирма арасындагы алдыңкы компания да департаменттин директору болуп иштедим”.

2020-жылы болгон пандемия көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөрттү. Бүткүл дүйнө токтоп калган үчурда, авиа тармак жабылып калганда Махабат айым жашоосун башка нукка бурууну чечкен:
“Мен котормочулук тармагында эмгектенүүгө ниет кылып, Түркия мамлекетинин адилет министлигин тиешелүү департаментинен атайын расмий котомочу деген документин алып иштеп баштадым. Негизи ага чейин эле кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип, которгонго жардам берип жүрдүм аэропортто, бирок кийин расмий иштей баштадым”.

Махабат айым Түркиядагы котормочулук жаатында лицензия алган алгачкы кыргызстандык экендиги менен сыймыктанат. Ал документ каарманыбыз алдында көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бир нече трамакта котормочу болгонго жол ачкан:

“Мен бул жакта малекеттик расмий лицензиялуу котормочу болгондуктан расмий органдар менен кызматташам. Мисалы: милиция, соттук иштер, деңиз маселелелери, медицина баардык орусча,кыргызча сүйлөгөн жардандардын ишине жардам берем”.

Ар бир орган менен иштешүү ар кандай өтөрүн белгилеген каарман жумушуна байланыштуу так графиги жок экендигин айтат:
“Милиция иштери болуп калса күнү түнү жүрүүгө туура келет. Сот иштери айларга созулушу мүмкүн, эмделүүгө келген жарандар менен да узак жүрүп калам. Эс алганга келген конокторго да гид болуп, машинама салып, программа түзүп бир топ убакыт жүрүп калам”.
Котормочунун жумушунун ар бир күнү башкача өтүп, күнүгө жаңы адамдар жана эмоцияларга байланыштуу. Эң өкүндүргөнү бул кардарларынын кайгысын көрүү:
“Сот иштери болуп жатканда приговор чыкканда абдан оор учурлар болот. Бирок эң коркунучтуусу бул медицина тармагына келген адамдар. Ал жерде өлүм бар. Алсыздык”.
Махабат айым мекендештерине болгон жардамын аябайт. Колунан келген кызматын баарын көрсөтөт. Дарыланууга келген кыргызстандыктар бир нече ай жашап калышы мүмкүн ошондуктан ал атайын “агент по недвижимости” деген дагы лицензия алып, кардарларына ижарага арзаныраак кылып үй таап берет.

“Мен баарын түшүнөм. Кээ бир бейтаптар акыркы акчасын чогултуп келишет. Квота менен келгендер бар. Алар ойлойт бул жакта баары бекер деп, бирок эмделүү гана бекер. Оокаты, баскан турганы, жашаган жери баарына төлөш керек. Колдоо көрсөтүп, үйдөн тамак жасап келип, бейтаптардын маанайын көтөрүп, дарыланууда болгон чогулуштарга катышып, бейтап тарабына чечкенге болгон салымымды кошом”.

Бейтаптарга Кээ бир бейтаптар ушунчалык жакын болуп, алардын өлүмү жанды кейитет. :
“Колумдан келген жардамды көрсөткөнгө аракет кылам. Бүт Кыргызстан бир баланын Туркияда эмделүүсүнө каражат чогулткан эле. Аларга өз батиримди ижарага бергем. Бир жылгы жакын дарыланды, натыйжасы жакшы болуп жатты,бирок бир күнү эле реанимацияга түшүп, өтүп кетти. Дарыгерлердин айтымында баланын организми эмдөөлүүдөн чарчап, көтөрө албай калган. Мындай көрүнүштөр оор тиет”.

Туркияда 30 жылга жакын жашап, бул жактын мыйзамдарын, эрежелерин билип калган Махабат айым мекендештерине даарылануу тармагында арзандатуулардын жолун айтып бере алат:
“Бир жаш үй бүлө баласын мамлекеттик даарыканага өз каражаттарын чогултуп, эмдөөгө алып келди. Ал дагы чарчап калды, бирок ата-энесинин мойнунда 7 миң долларга жакын карыз калып калды. Карапайым адамдарга ал чоң акча. Мамлекеттик мекеменин атайын түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген кардарлары үчүн льготалары болот. Ошол аркылуу карыздын 80% жоюп, минималдуу сумманы толоп чыкканга жардам бергем”.

Башка адамдардын ыраазычылыгы Махабат айымда ишин алдыга улантууга жардам берет:

“Медицина Түркияда жакшы өнүккөнүнө байланыштуу көп адамдар бул жакты акыркы үмүт кылып келет. Кыргыздарда келин төрөбөсө эле кетирип башкасын алуу көрүнүш бар эмеспи. Жаш үйбүлөлөр Кыргызстан, Өзбекстандан эко жасап, натыйжасы болбой бул жакка келип эгиз балалуу болуп кетишет. Үй-бүлөмдү сактап калганга жардам бердиңиз деген алкыш сөздөрдү угам”.

Махабат айымдын күнү кандай активдүү, оор өтсөда аны үйдө кучагын жайып сүйуктүү жолдошу күтүп алат:
“Жолдошумдун аты Айкут. Ал инженер,фирмада иштейт. Мени ар дайым колдойт. Түн ортосунда жумуш болуп калса жанымда жүрөт. Жолдошумдун хоббиси тамак жасоо. Абдан жакшы дамдуу жасайт. Менин жумушум көчө менен байланыштуу болгон үчүн үйдө мени дайыма дамдуу тамак менен күтүп алат”.

Карманыбыздын жумушу медицина, милиция,сот менен эле чектелип калбайт. Ал орус тилде сүйлөгөн баардык адамдарга котормочулук кызматтын кызматын баардык түрүн көрсөтөт. Анын бир нече нотариалдык фирмалар,медицианлык борборлор менен официалдуу келишимдери бар. Өзүн баардык тараптан мыкты адис катары көрсөтө алгандыктан украиналык инвесторлор каарманыбыз менен байланышка чыгып, алардын Түркиядагы официалдуу өкүлү болуп, курулуш иштерин жетектеп, чоң бир франшизаны ишке ашыруу алдында турат. Каарманыбыздын чоң жолго түшүүсү бир кичинекей кадамдан башталган.