Бишкек шаарынын тургуну Жамиля Назирова 23 жашында чакан туристтик фирма негиздеп, бүгүнкү күнү кыргызстандыктарды дүйнөлүк турларга жөнөтүп турат. Учурда 25 кишини жумуш менен камсыздайт.
“Бул ишти жолдошум экөөбүз баштаганбыз. Алгач бизде кичинекей эле боз үй шаарчабыз бар болчу. Ал жакка чет өлкөлүк туристтер көп келчү. Анан алар бизге Бишкекте дагы кандай кооз жерлер бар. Бизди алып баргыла, көрсөткүлө деп көп суранышчу. Ошондо бизде өзүбүздүн жарандар үчүн эс алуу кундөрдү активдүү өткөрүү үчүн атайын турларды уюштуруу идеясы пайда болду”.
Бул ойду ишке ашыруу алдында жаш жубайлар коомдук ишкердиктин мектебинде окуп билим алышкан:
“Бул абдан жакшы долбоор болчу. Билим алгандан кийин биз мекендештер арасында “саякаттаган оңой, ал үчүн көп каражат кереги жок,” деген ойду таркатуу болду”.
Мындан жети жыл мурда кыргызстандыктар арасында бир күндүк саякаттык турлар пайда болуп популярдуу боло баштаган. Муну алгачкылардан болуп жаш ишкерлер баштаган :
“Бир күндүк турларды алгачкылардан болуп ишке ашыра баштаганыбыз менен сыймыктанабыз. Алгач өлкө ичи боюнча бир күндүк турлар. Андан кийин Алматы, пандемиядан кийин Өзбекстанга болгон турларды популярдуу кыла баштадык. Бүгүнкү күнү кардарларыбызды дүйнө жүзү боюнча саякатка жөнөтөбүз”.
Кардарларын саякатка жөнөтүү алдында Жамиля алгач өзү кардарларына сунуштаган турлар боюнча барып, баарын билип,көрүп анан башкаларга сунуштайт:
“Биздин жумушта эң биринчи биз сапатка көңүл бурабыз. Ошондуктан баарын өзүм барып таанышып анан башкаларга сунуштайм. Биздин кардарларыбыз абдан көп, кээ бирлери биз негизделген убактан бери бар. Алар бизге ишенген үчүн кайра кайрылып келишет”.
Жети жыл мурда пайда болгон кыял ишке ашып, бүгүнкү күнү компанияда 25 киши эмгектенет. Иш жакшы жүрүш үчүн коллектив ичиндеги атмосфера маанилүү дейт Жамиля:
“Биз дайыма команда үчүн мотивация,өнүгүү жолдорун издеп, жакшыртып турабыз. Биздин команда мүчөлөрү өз алдынча фирма ачып иштеп кеткени менен мен абдан сыймыктанам, колдоп жардам берүүгө даярмын. Буга алар бизде окуп, үйрөнүп, өнүгүп кеткени себеп деп ойлойм”.
Кыргызстанды чет өлкөлүк туристтерге таанытып, биздин мекендештерди башка мамлекеттер менен тааныштыруудан тышкары Жамилянын ишмердүүлүгү экономикага салымын кошуп келет:
“Биздин команда абдан чоң айдоочулардан баштап, гидтер, турлидерлер. Алардын баарын жумуш менен камсыз кылып, салык төлөп келебиз. Андан тышкры ар кандай мейманканалар менен кызматташабыз.Мунун баардыгы өлкөбүздүн экономикасына болгон салымыбыз деп эсептейбиз”.
Мындай чоң команданы жетектеп иш алып баруу үчүн Жамиля өзүн дайыма өнүктүрүп келет:
“Мен дайыма тренинг, мастер-класстарга катышып турам жана сөзсүз саякаттайм. Себеби бир турду кардарларга сунуштоо алдында мен анын сапатын өзүм текшерип чыгышым керек”.
Ар бир саякт адамдын көз карашын өзгөртөт: “Бул абдан керектүү жана маанилүү деп эсептейм. Себеби жаңы өлкө биздин көз карашты өзгөртөт.Мага Кыргызстанда жашаган жагат. Башка мамлекеттен жаңы нерсени үйрөнүп келип, аны бизде колдонсо болот. Мен көптөгөн өлкөлөрдө болгом, алар бири бирине окошошпойт. Саякатто анчалык деле кымбат эмес. Эң башкысы кыялданып, акча топтош керек. Бул нерсени үчүн өзүбүздү алдыга умтултуп турабыз. Азыр бул жеткиликтүү эле нерсе себеби “горящий турлар, кызыктуу сунуштар,рассрочкалар” бар”.
Айына 9 миң сомго эле саякатка барып келүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө Жамиля айтып берди:
“Мисалы: арзан баага “горящий тур алып”,аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок болсо, эс алып келип анан ай сайын акчасын бөлүп төлөө варианты бар. Ал учурда кардар 70% үнөмдөйт” деп сөзүн жыйынтыктады.
Даярдаган Айгуль Сакеева