Талас шаары

Ишкер айым: “Ишкердик кылуумдун себеби 5 баламды ийгиликтүү кылуу болгон”

26 Декабрь 2023 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны: 55

Гулбайра Сүйүналива Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп чоңойгон. Кесиби боюнча дарыгер. Жашоо шартка байланыштуу Орусияга миграцияга барып, ишкерлигин баштаган. Максаты балдарын өнүктүрүү болгон.

Гүлбайра Сүйүналиева ишкерлигинин алгачкы кадамдарын экинчи баласы менен декртеттик өргүүгө чыкканда айылдагы кошунасынын жардамы менен баштаган:

“ Ал 95-жылдар болчу. Союз урап, жашоо начарлай баштады. Чогултуп койгон 2000 сомдой акчам бар эле. Ошол учурда кошунам Орусияга барып келип иштеп жаткан, мен ага кошулуп калдым. Кошунам Кыргызстандан кургатылган жемиштерди ташычы ага кошулуп 5 кап кургатылган жемиштерди алып Орусияга жөнөдүм”.

Алгачкы ишин баштап жатканда түрдүү көйгөйлөргө кабылганын башында жашылча сатып көрүп кайсыл тармак кирешелүү экенин билбей жатканда кийим сатуу чечимин кабыл алышканын айтат. Сиңдилери менен Алматыдан Новосибирскке товар ташыган айымдар өздөрүнүн жоопкерчиликтүүлүгүн, эмгекчил экендигин көрөзө алган:

“Сиңдим товар алууга барганда ошол жакта иштешкен уйгурлар джинсы сатууну сунуштаптыр. Башында 1-2 мешоктон алып келип жатты. Кийин 200 мешоктоп ташып калдык. Таза иштеген үчүн ушундай ишеним артты. Джинсыларды алып биз аларды азербайджан, кыргыз, орус баарын реализацияга берип жаттык. Кийинчирээк коңшу шаарлардан келип алып башташты. Биз кол адыбызга киши алып иштеп калдык. 15 чакты адамды жумуш менен камсыз кылдык. Алардын баары жакшы йигиликтерге жетишти. Үй алгандары үйлүү болду, окуйм дегендери окуду”.

Гулбайра айым Орусияга келип алгачкы кадамын таштагандан бери арадан 30 жылга жакын убакыт өтүп кеткен. Ал күндүн ысык суугуна карабай, уйкудан калып эмгектенип, 2016 жылы соода тармагын токтоктконун айтты:

“Ушунча жылы уйку жок, организм көнүп калат экен. Арадан 6 жыл өтсө да уйкум калыбына келген жок. Түндө толук уктабайм, улам ойгоно берем. Төшөктө жатып уктаганыма 2 эле жыл болуптур, ага чейин жолдо, машинада бош убак болгондо эле уктачымын”.

Ишкер айым иши менен бирге 5 баланын дагы өстүрүп, алар учурда Орусия, Кыргызстандын чемпиондору болгондугу менен сыймыктанат:

“Үй-бүлөм жөнүндө айтып кетсем 5 балам бар. Эки уулум менен биринчи жолдошум менен ажыраштык, экинчи турмуштан 3 кыздуу болдум. Жолдошум кайтыш болуп кетти. Беш баланы жалгыз өзүм тарбияладым кудайдын гана жардамы менен”.

Улуу баласы футболчу, спорт чебери. Бүгүнкү күндө эки баланын атасы ишкерлик менен алектенип, эт сатат.

Экинчи баласы грек-рим боюнча Орусиянын, Кыргызстандын чемпиону.

Махабат, Табигат, Насыйкат аттуу кыздары гимнасткалар. Улуу кыздары гимнастика боюнча чемпионкалар, көп йигиликтерги багындырышкан. Учурда тренердин жардамчылары болуп эмгектенишет. Кенже кыз 9 класстын окуучусу:

“Кыздарымдын баары кандидаты в мастера спорта. Келечекте Кыргызстандагы гимнастиканы өнүктүрсөк деген максатыбыз бар. Ал үчүн атайын педагогикалык билим керек болгондуктан экинчи кызым физкультурный институтта окуп жатат. Улуу кызым Кыргызстандан окууга тапшырып, бүтүрүп алсам деген ниети бар”.

Гулбайра Сүйүналиванын ишкерлик кылууса 5 баласы түрткү болгон. Ал балдарын йигиликтерге жеткирүү үчүн болгон аракетин жумшаганын айтты:

“Балдарымдын чемпион болушу үчүн мен бир гана акча таппастан, түндө акча таап, күндүз балдарым менен иштедим. Кыздрымдын чемпионатка кийген бирөөсүнүн кийими 70 миң рубль турат. Менде болсо 3 кыз. Ал үчүн түнү бою эмгектенем, күндүз буларды тренировкасына киргизип коемда, кийим алмаштырчу жерге отуруп уктап жүрдүм”.

Бүгүнкү күнү Гулбайра Сүйүналиева “Ак-Ниет” коомдук фонду жетектеп, айымдарга жардам берип келет.

Фонд 2020 жылы негизделген. Башкы максаты Орусияда жүргөн кыргыз жаш өспүрүмдөр өз тилин, салтын унуттурбай түрдүү курстарды өтүү болгон. Ошол жакта иштеген айымдар бадар үчүн акысыз курстарды өткөнго макулдугун берген. Тилекке карышы пандемия болуп калганына байланыштуу фондттун мүчөлөрү болгон күчүн кыйын абалда калган жердештерине жардам берүүгө жумшашкан. Ишмээрдүүлүк бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Айгуль Сакеева