Талас шаары

Төрт ай ичинде Таласта 3 завод курулат:

6 Сентябрь 2024 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны: 10

Төрт ай ичинде Таласта 3 завод курулат:
Асфальт чыгаруучу иш кананы салуу үчүн 23 — 24 миллион сом сарпталат. Мекемеде 20-30 кишини жумуш менен камсыз болот. Шаар ичинде 156 чакырым жол бар. Анын жарымы оңдоо иштеринен өтүү. Калганын сапатту, көп чыгым кылбай жасоого жаңы завод толук мүмкүнчүлүк берет.
Экинчи бул бетон завод. Анын кубаттуулугу саатына 90 куб цемент чыгарат. Бул иш канада да 20 жакын жумуш орундары пайда боолот. Заводтон чыккан цемент элге жеткиликтүү баада сатылат. Курулуш кылып жаткан тургундарга жакшы жардам болот деген ойдобуз.
Үчүнчү завод – таш майдоолочу. Мындай мекемеге биз азыр абдан мукиаж болуп турабыз себеби кум, таш ар бир курулуш ишине керектүү азык. Заводдту куруп алсак оңдоо-түзөө иштерине, жолдорду асфальттоого колдонобуз. Дагы бир пайдагы 30 жакын кишини жумуш менен камсыз кылып, тургундар үчүн арзан баада курулуш материалы сатылат. Жаңы ишкананын курулушуна 29 миллион сом тегерегинде акча сарпталат.
Талас шаарында жаңы заманбап аттракциондор ишке берилет. Алар борбордук паркка коюлат. Жалпысынан 70 миллион сомго бийиктиги 47 метр болгон “колесо обозрения” жана башка аттракциондор алынат. Каражат Кытай республикасы менен түзүлгөн меморандумдун аркасында келип жатат. Коңшу мамелекет менен түзүлгөн келишимде жогоруда айтылган долбоорлор 4 ай ичинде ишке ашырылып, жумушчулар окуудан өтүп, мекемелер ишке берилет.