Чет өлкөдөгү кыргызстандык айымдар кандай жумуштарда иштейт? Бул суроо менен биздин кабарчы “Тынчтык нуру” клубунун мүчөөлөрүнө кайрылды. Окуучулардын айтымында көп учурда миграцияга кеткен кыргыз айымдары бала карап же үй жыйнап эмгектенишет. Бунун башкы себеби чет жакка чыктандардын тил билбегени себеп.
Окуучулар арасында чет өлкөдөгү айымдар бир гана кызмат көрсөтүү тармагында эмектенет деген стереотиптик ойду жою максатында окуучуларга “Чет өлкөдөгү ишкер айымдар” деген презентация откөрүлду. Анын башкы каарманы Махабат Жумабекова. Түркия мамлекетинде өз ишмердүүлүгун жүргүзүп, өлкөгө эмделүүгө барган кыргызстандыктарга жардамын көрсөтүп, котормочулук кылат.
Туркчө, орусча эркин сүйлөгөн Махабат айым бир нече авиакомпанияларда жетекчилик орундарда иштеп, азыркы күнү жеке ишкерлик кылат.
Бул окуяны уккан балдар башка тилдерди үйрөнү маанилүү экендигин түшүнүп, чет тилдерди үйрөнүүгө умтуларын айтышты.
Махабат Жумабекованын окуясын ссылканы басып окусаңыз болот.