Талас облусунун Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы орто мектебинде окуучулар үчүн “Менин болочок кесибим” аттуу иш чара болуп өттү. Ага 8-11 класстын окуучулары катышты. Алгач, катышуучулар колуна күзгү алып, кандай кесиптин ээсин көрүп жатканын айтышты. Бирөөлөр доктур, мугалим, депутат болом десе, башкалары чет өлкөгө кетем, саякатч болом деген жоопторду айтышты.
Иш чара алкагында окуучулар үчүн атайын даярдалган ишкер айымдар тууралуу презентация көрсөтүлдү. Анын башкы каарманы Жамиля Назирова. 23 жашында кичинекей бооз үйдөн чоң туристтик фирма ачкан.
Бүгункү күнү дүйнө жүзүн кыдырып, башка кыргызстандыктарга да мүмкүнчүлүк түзүп берген Жамилянын окуясы башка окуучулар үчүн дагы чоң мотивация берди.
“Мен мектеп бүткөндө сөзсүз башка өлкөлөрдү кыдырам, чет жакта иштеп келем деп ойлочум. Жамиля эжени көрүп, жөн эле саякаттабай, аны кесипке айландырып, киреше тапса болоорун билдим. Алдыма максат койдум”.
Жамиля Назированын окуясын ссылканы басып окусаңыз болот