Талас шаарынын активисттери үчүн чет өлкөдөгү ишкер айымдар тууралу презентация өткөрүлдү.
Чет өлкөдөгү кыргызстандык айымдар тейлөө кызматында гана иштейт деген стереотипти жою максатында Жамааттык медианын журналисттери ушул багытта макалалрды даярдап презентация кылышат.
Талас шаарынын тургундары Гулбайра Сүйүналиванын окуясы менен тааныша алды. Гулбайра айым 1995-жылы Союз урап жаткан малда Орусияга соода кылуу максатында кетет.
Отуз жыл аралыгында ишкер айым “Джинсылардын королевасы” деген наамга татып, Новосибирск жана жакын жайгашкан шаарларга джинсы матадан жасалган кийимдерди сатып эмгектенет.
Беш баланын апасы балдары кароосуз калбасын деп, түнкүсүн товар ташып, күндүз балдарын ар турдүү йиримдерге алып барат.
Натыйжасында 5 баласы тең Орусиянын ар түрдүү спорттун түрлөрү боюнча чемпиондору.
Иш чаранын катышуучулары “Айымдар ишкерлик менен үй-бүлөөнү чогуу алып кетсе болот экен” деген ой пикирлери менен бөлүшу.
Гулбайра Сүйүналива тууралуу макаланы ссылканы басып окусаңыздар болот.